Өкмөттүн кышка даярдыгы тууралуу маселе Жогорку Кеңештеги комитет жыйынынын күн тартибинен алып салынды

Өкмөттүн 2018-2019-жылдын күз-кыш мезгилине карата аткара турган иштери тууралуу маселе Жогорку Кеңештеги комитет жыйынынын күн тартибинен алып салынды. Буга башкы себеп, аталган маселе боюнча баяндамачы катары чакырылган вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун ден соолугуна байланыштуу жыйынга келбегендиги жана өкмөттүн маселени күн тартибинен алып туруу боюнча суранычы себеп болду.

Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун ордуна келгендигин сынга алды.

“Сиз өкмөттө бул тармак боюнча жооптуу эмессиз. Буга чейин бир нече жолу Кубатбек Бороновду ушул жылдын жана кийинки жылдын күз-кыш айларына карата аткарылуучу иштер боюнча маалымат берүүгө чакырганбыз. Бирок бир дагы келген жок. Сизге рахмат келгениңиз үчүн, бирок бул тармакка жооптуу болбосоңуз кантип жооп бересиз?” - деди Рыспаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан