Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин айланасындагы чырдын аягы көрүнбөй турат. Аталган министрликтеги бул чыр Зууракан Каденова жумуштан алынгандан кийин башталган.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Министрликтин айланасындагы чыр - Каденованын кызматтан алынып калганына байланыштуу кимдир бирөөлөрдүн өч алуу аракети эмеспи?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жооп берди.
Бекешевдин айтымында, учурда депутаттар, министрлер дипломатиялык паспортторду тиешелүү бөлүмгө алып барышпайт.
“Менин оюмча, "бул жерде өч алуу болуп жатат" деп айтууга болбойт. Андан кийин уланган чырлар боюнча айтсам, дипломатиялык паспорттор боюнча эрежени Башкы прокуратура туура эле айтып жатат. Ал эрежелерди эч ким сактаган жок, паспортту алып барып эч ким кадр бөлүмүнө тапшырбайт. Негизи президенттен тартып, депутат, министрлер иш сапарларынан кийин дипломатиялык паспортту кадр бөлүмүнө бериш керек, азыр эч ким бербейт, эч ким берген эмес. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигиндеги дипломатиялык паспорт боюнча маселенин чыгышы Зууракан Каденованын окуясынан кийин болгонун дал келүү деп эле айтса болот. Бул жерде өч алуу деген эч кандай маселе жок”, - деди Бекешев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Карамат Орозова, Ирина Карамушкина жана жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун пикири бул шилтемеде.