Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин айланасындагы чырдын аягы көрүнбөй турат. Аталган министрликтеги бул чыр Зууракан Каденова жумуштан алынгандан кийин башталган.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Министрликтин айланасындагы чыр - Каденованын кызматтан алынып калганына байланыштуу кимдир бирөөлөрдүн өч алуу аракети эмеспи?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина жооп берди. Ал Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин кайсы деңгээлинде коррупция бар экенин айтты.
"Бул министрликте абдан чоң акча каражаттар айланат: пенсиялар, сүйүнчү пулдар, кошумча төлөмдөр. Бул мекеменин бөлүм башчыларынын деңгээлинде коррупция өтө чоң. Бирок бардыгын иштен кетирүү мүмкүн эмес, анткени сөзсүз кимдир бирөөнүн тууганы болуп чыгат же эң эмгекчил жана ишенчээк кызматкерлер жапа чегип калышат. Лунара Мамытова коррупциялык иштер боюнча айтып келген, бирок жашырып коюшчу. Анын АКШда окуганы эч кандай мыйзамга каршы келбейт, бир топ мекемелерде ушундай практика бар. Мен дагы министрликтин эл аралык бала багып алуу боюнча социалдык кызматкерлердин жана министрдин орун басарларынын кылмыштары боюнча маселени көтөргөм, Лунара менин айткандарымды ырастап, факттарды ачыкка чыгарды. Анан эмне болду? Эч ким жазаланган жок, ал эми Лунара ыңгайсыз кызматкер болуп калды. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова бул мекемеде тартипти орноткусу келсе, Лунара Мамытованы министр кылсын, ошондо ал бардык схемаларды ачыкка чыгарат жана эч нерсе кылбаган чиновниктерди иштен кетирет. Бирок Лунараны кетирүүгө аракеттенишүүдө. Мындай болсо жетекчиликти толугу менен кетирип, бөлүм башчыларын алмаштырыш керек", - деди Карамушкина.
Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Карамат Орозова, Дастан Бекешев жана жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун пикири бул шилтемеде.