Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин айланасындагы чырдын аягы көрүнбөй турат. Аталган министрликтеги бул чыр Зууракан Каденова жумуштан алынгандан кийин башталган.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Министрликтин айланасындагы чыр - Каденованын кызматтан алынып калганына байланыштуу кимдир бирөөлөрдүн өч алуу аракети эмеспи?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозованын пикири төмөндөгүдөй болду.
Орозованын айтымында, министрликтеги маселелер Каденова иштен кеткенге чейин эле көтөрүлүп келген.
“Бул жерде эч кандай өч алуу аракети эмес. Себеп дегенде Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде болуп жаткан орчундуу маселе буга чейин деле болуп келген. Былтыркы жылы жөлөк пулдар боюнча мыйзамды кабыл алууда, ал мыйзамдын кайра өзгөртүлүп жатканда ар кыл маселелер көтөрүлгөн. Бюджеттен да каражат бекитилген, ошол мыйзамдын аткарылышын депутаттар көзөмөлгө алат, ошол нерседен улам маселелер жаралууда. Негизги маселе мыйзам менен корголгон акчаны булар башка нерсеге колдонду дегенден келип чыгууда. Министрликтеги маселелер 2017-жылы Зууракан Каденованын окуясына чейин эле көтөрүлүп, коомдо ошондо да ушундай талкуу болгон. Каденованы кызматтан алууга Аида Касымалиеванын деле, менин деле эч кандай кызыкчылыгыбыз жок. "Касымалиева айткан чыныгы кемчиликти моюнга алып, караштырып көрөлү" дегенден алыс болуп, чычалап жатышат.
Чынында көйгөй бар, ал көйгөйдү чечүүдөн алыс болуп жатышат. Ошол көйгөйдү көтөргөн адамдар үнү жетпегенде анан депутаттарга кат менен кайрылып, депутат ошол каттын негизинде маселе көтөрүп жатат. Мисалы, мен деле каттардын негизинде маселе көтөрөм. Каденова өзү менен өзү, анын эч кандай тиешеси жок”, - деди Орозова.
Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Дастан Бекешев, Ирина Карамушкина жана жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун пикири бул шилтемеде.