Депутат Алмазбек Баатырбеков: "Эгер премьер-министр социалдык өнүктүрүү министрин кызматтан алууну чечсе, биз каршы эмеспиз”

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин айланасындагы чырдын аягы көрүнбөй турат. Аталган министрликтеги бул чыр Зууракан Каденова жумуштан алынгандан кийин башталган.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Министрликтин айланасындагы чыр - Каденованын кызматтан алынып калганына байланыштуу кимдир бирөөлөрдүн өч алуу аракети эмеспи?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Баатырбеков жооп берди.

Баатырбековдун айтымында, өч алууга шылтоо - алсыздыктын белгиси.

“Биринчиден, мамлекеттик кызматтагы адам өзүнүн жүрүм-турумуна маани бериши керек. Бардык иш болуп кеткенден кийин аны өч алууга шылтап коюу - алсыздыктын белгиси. Бул жерде андай өч алуу деген нерсе жок. Болгон фактыны башкага бурмалоо өзү туура эмес. Ар бир мамлекеттик кызматтагы адам кызматта экенин унутпашы керек. Министрдин ордун биздин "Кыргызстан" фракциясы сунуштаган, кадр маселесин чечүү - өкмөт башчынын укугу. Эгер өкмөт башчы министрди кызматтан алууну туура деп чечсе, биз каршы эмеспиз”, - деди Баатырбеков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Карамат Орозова, Дастан Бекешев, Ирина Карамушкина жана жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан