Бир жыл мурун экинчи даражадагы "Манас" орденин алгандар өлкөнүн өнүгүшү үчүн эч нерсе жасаган эмес. Мындай пикирин депутат Бакыт Төрөбаев парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Ал 2017-жылы мамлекеттик сыйлыктардын деңгээли түшүп кеткенин кошумчалады.
"Учурунда Абсамат Масалиев экинчи даражадагы "Манас" орденин алган. Ал өмүрүн өлкөнүн өнүгүшүнө арнаган. Мен акыркы учурларда берилген мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө эмес, былтыр тапшырылган сыйлыктар жөнүндө айтып жатам. Экинчи даражадагы "Манас" орденин алган адамдар Абсамат Масалиев менен бир деңгээлде эмес. Алар өлкөнүн өнүгүшү үчүн эч нерсе жасаган жок. Бүт баары ушак таратуу, кимдир бирөөнү айыптоо жана интрига менен алек болушкан. Мына ушундайлар сыйлыктарды алыштыбы? Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын мурдагы курамы жалгыз бир эле адамдын кызыкчылыгына карап калган болчу", - деди ал.
Аталган орден менен өлкөнүн социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык потенциалын жогорулатууга салым кошкон инсандар сыйланат. Мамлекеттик сыйлыктарды президент гана тапшыра алат.
2017-жылы экинчи даражадагы "Манас" ордени менен гандбол боюнча олимпиада чемпиону Талант Дүйшөбаев, президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Фарид Ниязов, белгилүү дарыгер, ортопед Сабырбек Жумабеков жана Кыргыз мамлекетинин Эл мугалими Мукаш Базаркулов сыйланган.