Өлкөдө адамдар көп жүрө турган ири объектилерде өрт коопсуздугу тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Өлкө аймагында адамдар көп жүрө турган ири объектилерде өрт коопсуздугу тууралуу түшүндүрүү иш-аракеттери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, күз-кыш мезгили өрттүн дээрлик басымдуу бөлүгү турак жай секторлорунда катталат. Келип чыккан өрт кырсыктарынын негизги себептери электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздык, мештерди жана морлорду этиятсыз колдонуусу жана балдардын от менен ойноосу эсептелинет.

"Түшүндүрүү иш-аракеттери базарларда, соода борборлордо, кинотеатр, жана башка социалдык объектилерде жүрүүдө. Түшүндүрүү иш-чараларынын негизги максаты – ири объектилер өрт кырсыгын алдын алуу, ал эми өрт кырсыгы катталган учурда объектилердин администрациясы жана персонал тарабынан алгачкы аракеттери, өрт каражаттары менен иштөө ыкмалары тууралуу маалымат берүү болуп саналат. Иш-чаралар Бишкек, Ош шаарларында жана бардык аймактарда байма-бай жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан