Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагуловду бүгүн, 10-октябрда акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Маркум менен коштошуу зыйнаты Кыргыз улуттук драма театрынын алдында өтүп, ага Жогорку Кеңештин депутаттары, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт өкүлдөрү жана маркумдун жакын санаалаштары, жакындары катышты. Маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.
Султан Жумагулов 8-октябрга караган түнү таңкы саат 4:00дөр чамасында ооруканада көз жумган. Ал көп жылдардан бери онкологиялык оору менен жабыркап, 4-5 ирет Түркиядан операция жасатып келген.
Жумагулов 1959-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган. 1980-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
1991-1993-жылдары "Эркин-Тоо" гезитинин башкы редакторунун орун басары;
1993-1995-жылдары "Kyrgyzstan Chronikle" гезитинде баяндамачы;
1995-2000-жылдары "Асаба" гезитинин баяндамачысы;
2000-2009-жылдары ВВС Британ радиосунун кыргыз кызматында кабарчы жана улук кабарчы болуп эмгектенген;
2009-2010-жылдары президенттин катчылыгынын аналитикалык кызматын жетектеген;
2010-2013-жылдары "Азаттык-Медиа" мекемесинин Бишкектеги кеңсесинин директору;
2013-2014-жылдары ЭлТР коомдук телерадиокомпаниясынын башкы директору болуп иштеген;
2014-жылдын 1-августунан баштап КТРКнын башкы директорунун милдетин аткаруучу;
2014-жылдын 23-ноябрында КТРКнын башкы директорлугуна дайындалган;
2015-жылдын 6-февралында КТРКнын башкы директорлугунан бошотулган;
2017-жылдын ноябрь айынан бери маданият, маалымат жана туризм министри болуп иштеп келген.
Бишкекте Султан Жумагуловду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү