Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин айланасындагы чырдын аягы көрүнбөй турат. Аталган министрликтеги бул чыр Зууракан Каденова жумуштан алынгандан кийин башталган.
SUPER.KG порталынын "Министрликтин айланасындагы чыр - Каденованын кызматтан алынып калганына байланыштуу кимдир бирөөлөрдүн өч алуу аракети эмеспи?" деген соболуна жарандык активист Акбалык Жумалиева жооп берди. Ал бул маселеде жеке көрө албастык болушу мүмкүн деген пикирде.
“Албетте, бул жерде саясий кызыкчылык болушу мүмкүн. Менде да алгач Аида Касымалиеванын Лунара Мамытова тууралуу кайрылуусунда жеке кызыкчылык, өч алуу бардай сезилген. Бирок ал да бул маселени мурдатан бери эле иликтеп келгенин айтты го. Балким, ал маалыматтардын айтылышына Каденованын чыры шылтоо болгондур. Лунара Мамытовага карата жеке көрө албастык да болушу мүмкүн. Бирок аны да актай албайм. Министрликте канчалаган туура эмес иштер болуптур. Аида Касымалиевага карата "ушул министрлик сыяктуу башка тармактарды да текшерүүгө алыңыз" деп билдирүү жазайын деп жаткам. Башка министрликтеги ушул сыяктуу окуялардан кабарым бар”, - дейт Жумалиева.
Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Карамат Орозова, Ирина Карамушкина, Дастан Бекешев жана жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун пикири бул шилтемеде.