Жарандык активист Айбек Мырза: "Аида Касымалиева министрликтеги мыйзамсыздыктар боюнча көтөргөн маселеде саясий кызыкчылык жок деп ойлойм"

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин айланасындагы чырдын аягы көрүнбөй турат. Аталган министрликтеги бул чыр Зууракан Каденова жумуштан алынгандан кийин башталган.

SUPER.KG порталынын "Министрликтин айланасындагы чыр - Каденованын кызматтан алынып калганына байланыштуу кимдир бирөөлөрдүн өч алуу аракети эмеспи?" деген соболуна жарандык активист Айбек Мырза жооп берди. Ал депутаттар башка министрликтердеги мыйзамсыздыктарды дагы көтөрүп чыгышса туура болот деген пикирде.

"Менимче, Аида Касымалиева көтөргөн маселеде саясий кызыкчылык жок деп ойлойм. Анткени бул депутаттардын түздөн-түз милдети. Алар өкмөттү көзөмөлдөп, болуп жаткан мыйзамсыз иштерди коомчулукка алып чыгып, аягына жеткирүүгө тийиш. Касымалиева бир эле ушул министрликтеги эмес, башка мекемелердеги мыйзамсыз иштерди элге жеткирсе жакшы болот. Анткени Башкы прокуратура мыйзамсыздыктарды тастыктады”, - деди ал.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Карамат Орозова, Ирина Карамушкина, Дастан Бекешев жана жарандык активисттер Акбалык Жумалиева, Өндүрүш Токтонасыровдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан