“Өлкөнүн түштүк аймагында чек ара көбүнчө стратегиялык жолдун жээгинде жайгашып калган. Казакстан менен болгон чек ара да Чүй облусундагы Бишкек-Торугарт жолуна жакын. Эмне үчүн мындай?” деп Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Умбеталы Кыдыралиев өкмөттүн мүчөсүнөн сурады.
Өкмөттүн чек ара иштери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров коңшу өлкөлөр чек аралар тактала электе эле ушундай кадамга барганын айтты.
“Азыр Өзбекстан менен демаркация иштери бүтө элек. Алар биз менен макулдашпай туруп орнотуп алышкан. Демаркация бүткөн соң бул маселе каралат. Өзбекстан койгон тосмолордун айрымдары алынат”, - деди Искандаров.