Султан Жумагуловдун сөөгү жерге берилди

Бүгүн, 10-октябрда маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагуловду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Маркум менен коштошуу зыйнаты Кыргыз улуттук драма театрынын алдында өтүп, ага Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт өкүлдөрү жана маркумдун жакын санаалаштары, жакындары катышты. Андан соң маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлуп, ага багышталып куран окулду. Сөөктү жерге берүү зыйнатына президент Сооронбай Жээнбеков келди.

Султан Жумагулов 8-октябрга караган түнү таңкы саат 4:00дөр чамасында ооруканада көз жумган. Ал көп жылдардан бери онкологиялык оору менен жабыркап, 4-5 ирет Түркиядан операция жасатып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
barakcha
2018-10-10 15:14:13
Жаткан жери жайлуу болсун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан