Өкмөт мүчөлөрү чек ара боюнча берилген суроого үч башка жооп беришти

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Аалы Карашев чек ара боюнча берилген суроого өкмөттүн 3 өкүлү үч башка жооп бергендигин сындады.

Эл өкүлү чек ара кызматынын төрагасынан жана өкмөт мүчөлөрүнөн "Чүй облусундагы Казакстан менен болгон Чу дарыясынын жээгиндеги чек аранын узундугу канча” деп суроо берди.

Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев Чу дарыясынын жээги менен кеткен чек аранын узундугу 100 чакырым деди. ӨКМнын өкүлү 205 чакырым десе, өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлүнүн орун басары 47 чакырым деп жооп берди.

Депутат Аалы Карашев мамлекеттик органдардын бир суроого ар башкача жооп бергенин сындады.

"Бир эле суроого үчөөңөр үч башка жооп берип жатасыңар. Биз кимиңерге ишенебиз? Өкмөттүн өкүлү, ушуну карабайсыңар? Өлкөдөгү эң ыйык нерсе тууралуу үч мамлекеттик орган үч башка маалымат берип жатканы туура эмес", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан