Депутат Таабалды Тиллаев: "Мамлекеттик сатып алуулар порталына эмне үчүн кыргыз тили киргизилген эмес?"

"Аймактагы жарандарыбыз мамлекеттик сатып алуулар порталында кыргыз тили жок болгону үчүн толук колдоно албай жатат" деди депутат Таабалды Тиллаев парламенттин 10-октябрдагы жыйынында.

Эл өкүлү "порталга кыргыз тилин кошуу кыйын болуп жатабы" деп мамлекеттик сатып алуулар департаментинин башчысынан сурады.

"Учурда порталыбыз расмий тилинде. Азыр порталды кайра иштеп чыгуудабыз. Жакынкы арада кыргыз тилине которуп чыгууга аракет кылабыз. Бул биз үчүн кыйынчылык жараткан жок", - деп жооп берди департамент башчысы.

Маалыматка караганда, мамлекеттик сатып алуулардан 2017-жылы 6 миллиард сомго жакын каражат үнөмдөлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан