Депутат мамлекеттик сатып алуулар департаментине: "Коопсуз шаар" боюнча сынакта уткан компаниянын тажрыйбасын силер текшеришиңер керек эле"

"Унаа кырсыгынан каза болгондор көбөйүп жатат. "Коопсуз шаар" долбоору биз үчүн абдан керек". Мындай пикирин депутат Азамат Арапбаев парламент жыйынында билдирди.

Ал Мамлекеттик сатып алуулар департаментин "Коопсуз шаар" долбоору боюнча сынакты өткөрүүдөгү шалаакылыгы үчүн сынга алды.

“Менин маалыматыма караганда, утуп чыккан компаниянын бул тармакта тажрыйбасы жок экен. Эми мамлекеттик комитет көз карандысыз комиссияны сотко берип жатыптыр. Жеңүүчүнү аныктаган комиссияда 30 адам болгон. Алардын ичинде депутаттар, коомчулуктун өкүлдөрү бар. Бирок булар бул багытта адис эмес да. Адис силерсиңер. Компаниялардын тажрыйбасына силер баа беришиңер керек болчу. Бул милдетиңер. Өкмөт башчы сынак өттү деп жарыялады. Эми ал сөзүнөн кайтабы?" - деди Арапбаев.

Департаменттин башчысы сынакты жокко чыгарууну атайын комиссия туура деп тапканын, учурда аларды мамлекеттик комитет сотко бергенин ырастады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Natun
2018-10-10 13:05:24
Коопсуз шаарды ишке ашырууга кызыкдар эмес тараптар азыр деле бар экен. Булар мурдагы бийликтин шестеркалары. Алар эч качан Кыргызстанда жаны инновациялык долбоорлор ишке ашышын каалабайт. ОШол себептен ар кандай тоскоолдуктар болууда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан