Ошто аткезчилик жол менен алынып келе жаткан тоок эти кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Ош-Ноокат жолунда “Ноокат” салмак-габариттик постунун алдында ДАФ үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа текшерүүгө алынган.
"Унааны текшерүүгө алганда салмагы 17 тонна болгон тоок эти табылган. Унаанын айдоочусунун жанында тоок этине байланыштуу эч кандай документтер болгон эмес. Кармалган товардын баасы болжол менен 2 миллион 210 миң сомду түзөт", - деп билдирди маалымат кызматы.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иши башталды.