Бүгүн, 10-октябрда маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагуловду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп, сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.
Аны акыркы сапарга узатууда замандашы, Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеев ал кандай адам болгонун эскерди. Дүйшеев экөөнүн жаш курагында 9 жыл айырмачылык болгонуна карабай теңтуш, ынак болушканын, адамдык сапаты бийик, жакшылыкты издеген, издесе таба билген адам болгонун айтты.
"59 жыл деген эмне, болгону 10дон беш жолу, анан 9 жыл жашаптыр. Университетте куйрук улаш окудук, жердеш элек. Ага-инидей болдук, андан да өтүп теңтуш, ынак болуп жүрдүк. Жашың кичүү болгонуң менен жаның курбу эле. Акылдуу, шайыр, адамдык касиетиң бийик ак ниет, калыс жан элең. Дайыма жаңыны, жакшылыкты издеген, аны таба билген жан элең.
Сенин окуучуларың көп, мен дагы сенин окуучуң болчумун. "Шаке, кыргыз деген далайды көргөн эл, башына канча азап түшсө да мүңкүрөгөн эмес. Белди бекем бууп, жашоосун уланткан” деп айтканды жакшы көрчүсүң. Сени менен кошо жүргөн адам эч нерседен коркпой, коркок болсо да баатыр болуп кетчү.
Жумагул абама, Сайра апага, бир туугандарыңа, кыздарың Айгерим, Айдай, Касиетке, уулуң Жаншерикке кайрат айткым келди.
Султанбек, бул жалганда мүчөсү бүтүн, бүтүнү эсен жан болбойт тура. Биз сени эми мындан ары жарыгы болбой турган караңгы жерге, жылуусу болбой турган муздак жерге, чыга турган жолу, эшик-терезеси жок жерге кантип берерибизди билбей турабыз. Кош бол, Султанбек", - деп коштошту Дүйшеев.
Султан Жумагулов 1959-жылы Нарын облусундагы Ат-Башы районунда жарык дүйнөгө келип, үй-бүлөдө 10 бир туугандын экинчиси болгон. Руслан Жумагулов аттуу иниси Жумагулов өтө боорукер, намыскөй адам болгонун эскерип өттү.
"Агам өтө боорукер, берешен болчу. Анан да намыскөй эле. Ак көңүл, эч качан бирөөнүн эмгегин жеген эмес. Бизге дагы "жалган айтпагыла, уурдабагыла" дечү. Өкмөттүн жумушунда иштеп жатканда эч качан жакындарымды жумушка албайм, акча албайм дечү.
Эки-үч ай мурун ооруп, Түркияга кетип жатканда жолугушканбыз. "Мен өлбөйм, министр болуп иштеп жүрө бермек белем, депутат болом, элдин маданиятын көтөрөм. Каада-салтты өз ордуна алып келип, жөнөкөйлөтөм" деп айтты эле", - деди иниси Руслан Жумагулов.
Султан Жумагулов 1980-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктагандан кийин бир топ массалык маалымат каражаттарында жетекчилик кызматта иштеп, ондогон жаш журналисттерге устат болгон. Ал шакирттеринин бири - Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев.
Жанар Акаев Султан Жумагулов журналистиканын дыйканы болгонун, министр болуп турган учурда да мамлекетчил инсан катары эсинде калганын айтты.
"Султан Жумагулов журналистиканын дыйканы эле. Ондогон журналисттерге устат болду. Ар дайым адамдарга маалыматты жеткирүүдөгү ыкчамдык, сапаттуу, элдин тили менен жазганды үйрөттү. Бирок "маалыматты биринчи берүүгө эмес, мамлекеттик көз караш менен бергиле" деп айтчу. Агайда сөзсүз эле бийликти сындаш керек деген түшүнүк жок болчу. Ал өзү качан көрсөң журналист катары өлкөнү алдыга тарта турган, мамлекетчил болгон. Ирденсек экен, кубаттуу экономикабыз болсо экен дечү.
Министр болуп турганда "Ош базарынан" Түркиянын маданият министрине 3 миң 500 сомго белек алып жүрүптүр. "Агай министр жардамчыларын эле жумшап коёт, сиз өзүңүз алып жүрөсүзбү" десем. "Бул белекти өзүбүз берип жаткандыктан өзүбүздүн жаныбыздан алышыбыз керек, бюджеттин акчасынан пайдаланбаш" керек деген. Элестетиңиз базарга өзү келип Түркиянын министрине белек алып жатканын. Башка министр болсо, жардамчыларына эле айтып коймок. Керек болсо, эмне белек алганын Түркияга барганда билмек. Ал кишинин мамлекеттен уурдап калайын, пайдаланып калайын деген ою жок болчу. Үйүнө барсам, мен таанышкан учурда куруп баштаган үйү дале бүтпөй туруптур. Ал бүт өмүрүн, талантын мекенге арнады", - деп эскерди Акаев.
Султан Жумагулов 8-октябрга караган түнү таңкы саат 4:00дөр чамасында ооруканада көз жумган. Ал көп жылдардан бери онкологиялык оору менен жабыркап, 4-5 ирет Түркиядан операция жасатып келген.