Шашылыш билдирүү! Өлкөдө 13-15-октябрда аба ырайы өзгөрүп, тоолуу аймактарда кар жаайт

Кыргыз өлкөсүндө 13-15-октябрь күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлүп, жаан жаайт. Айрым тоолуу аймактарда жааган жаан карга айланышы күтүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 14-октябрда Чүй, Талас өрөөндөрүндө жаан карга айланып, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши мүмкүн.

"Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат. 15-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде абанын температурасы -1…-3° градуска төмөндөп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча жемиштер үчүн коркунучтуу. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тайгак болуп, кар күрткүсү орун алат. Туруксуз аба ырайы транспорттун каттамына тоскоолдуктарды жаратып, электр энергиясын үзгүлтүккө учуратышы ыктымал", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Missing-u
2018-10-10 15:57:52
Кое турбаптырдаааа 13 до конок,15 де кудаа тосот элек
+7
wirintai27
2018-10-11 08:01:09
Аллах Таала озу билет экен да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан