Жолду тосуп, эреже бузган Мерседестердин айдоочуларына айып салынды

Бишкек шаарында жол эрежесин бузуп, тургундарга ыңгайсыздык жараткан жол тандабастардын айдоочулары кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 8-октябрда Мercedes G500 үлгүсүндөгү унаалар Абдрахманов жана Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде жолду тосуп, эреже бузган. Азыркы тапта аталган башкармалыктын кызматкерлери 8 айдоочуну кармап, аларга административдик кодекстин 249-беренеси (автобейбаштык) боюнча айып салынды. Жол тандабастар айып аянтчасына киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ruslanz
2018-10-10 16:41:28
Эми ошентип коюшат да.
0
altyn7776
2018-10-10 17:51:25
Анан кантип койсун? Жумурткадан кыр издеп эле тытынып турасынар да
0
TalaCSKA
2018-10-10 18:11:55
Слишком эле нагло нарушение кылып атышат мындайларды пожизненно лишение прав кылыш керек.
+3
temirlan85
2018-10-10 20:01:07
Бишкектин кочолорун уйгурлар ушинтип сапырып журушот
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан