Кыргыз мамлекетинин Украинадагы консулунун дипломатиялык номерлүү унаасын 10-октябрга караган түнү уурдап кетишти. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, консул өзүнүн Toyota Highlander үлгүсүндөгү унаасын Киев шаарынын Печерский районундагы үйүнүн жанына токтоткон. Эртең менен жумушка чыгып баратып, унаанын жоктугун байкаган. Консулдун белгилешинче, унаасында күйүүчү май дээрлик жок болгон, ошол себептен уурдагандар жакынкы май куюучу жайлардын бирине барышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Украинадагы элчилиги уурдалган унааны издеп табууга көмөк көрсөтүүсүн өтүнүп, Украинанын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөткөн.
Учурда тартип сакчылары "унаа уурдоо" беренеси боюнча иш козгоп, жакынкы май куюучу жайлардагы видеожазууларды карап жатат.