СУПЕРСТАН: "Cөздүн таасири күчтүүбү же акчанынбы?"
SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Cөздүн таасири күчтүүбү же акчанынбы?" деген тема талкууга алынган.
Автор: "Суперстандын жашоочулары айткылачы, деги акча күчтүүбү же сөзбү? Экөө таймашка чыкса сиз акчанын артынан барасызбы же сөздүн артынанбы? Чын айткылачы, турмушта кайсынысы өтүмдүүрөөк? Кайсынысынын күчү көп?" деген суроосун калтырган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
- "Ак ийилет, бирок сынбайт" деген сөз бар эмеспи. Бирок азыркы убакта көпчүлүк жерде "акты" акча менен сындырып коюу ыкмасы күч алган..."
- "Жакшы сөз жан эргитет, жаман сөз жан кейитет". Сөздүн да таасири чоң, бирок азыркы учурда акчанын да таасири күчтүү".
- "Оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн" дейт го... Азыр көп нерсени акча чечип калды".
- "Тил аркылуу акча таап байыса болот. Демек, сөздүн таасири күчтүү".
- "Жылуу сөз кедейди бай кылат, байды хан кылат. Суук сөз байды кедей кылып, кедейди арык кылат".
- "Сөздүн кудурети эл менен күчтүү, ал эми акча..."
- "Чындыгында сөздүн кудурети ушунчалык күчтүү, кала берсе адам өмүрүнө тете келет. Акча күчү ал түгөнгүчө эле. Сөздүн күчү түбөлүктүү".
- "Шагым сынгыча, жаагым сынсын" деген сөз бар го, албетте, сөздүн кудурети күчтүү".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.