Экс-депутат Равшан Жээнбеков: “Кошоматчы саясатчылардан арылуу үчүн президенттик бийликти жоюшубуз керек”

Кыргыз саясатчыларынын кошоматчылыгы ар дайым коомчулуктун талкуусунда болуп, сындалып келет. Ар бир президенттин учурунда аны айга-күнгө теңеп, бийликтен кеткен соң артынан сындай баштаган саясатчылар аз эмес.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Бийликте турганда президентке кошомат кылып, бийликтен кеткенден кийин аны сындай баштачу саясатчылардан кантип арылууга болот?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбековдун пикири төмөндөгүдөй болду.

Жээнбеков саясатчыларда адамдык баалуулуктардын сакталышы үчүн 2 жол бар экенин айтты.

“Кошоматчылардан арылуу үчүн биринчи кезекте президенттик бийликти жоюшубуз керек. Анткени коррупциянын, кошоматчылыктын, саткынчылыктын булагы президенттик институт болуп эсептелет. Ошол институтту жойсок биз биринчи кадамды таштаган болобуз. Ошондо саясатчылар бийликти алган жана албай калган партиялар болуп экиге бөлүнөт. Бизде болсо жаңы президент бийликке келсе, артынан саясатчылардын 95 пайызы чуркап барат. Аларды саясатчы деп айтууга деле болбойт. Алар "кызмат алып калалы, байлыгыбызды сактап калалы" деп депутат боло калып, ошонун артынан саясатчы болобуз дегендер. Азыр Сооронбай Жээнбеков тарапка өтүп алгандар эртең жаңы бийлик келсе ошол жакка качышат.

Коом андай адамдарды өзү да четке сүрсө болот. Анын жолу көп. Биринчи - системдик. Экинчиси - массалык маалымат каражаттарынын эркиндиги. Журналисттер ошол саткын, кошоматчы саясатчыларды көбүрөөк айта турган болсо, алардын уялуу, коркуу сезимин пайда кылышат. Жогоруда айтып өткөн ушул эки нерсе саясатчыларды баалуулуктарга түрткөнгө жардам берет”, - деди Жээнбеков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Жанар Акаев, экс-депутаттар Адахан Мадумаров, Абдыганы Эркебаев, Феликс Кулов жана саясат таануучу Марс Сариевдин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан