Кыргыз саясатчыларынын кошоматчылыгы ар дайым коомчулуктун талкуусунда болуп, сындалып келет. Ар бир президенттин учурунда аны айга-күнгө теңеп, бийликтен кеткен соң артынан сындай баштаган саясатчылар аз эмес.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Бийликте турганда президентке кошомат кылып, бийликтен кеткенден кийин аны сындай баштачу саясатчылардан кантип арылууга болот?" деген соболуна саясат таануучу Марс Сариев жооп берди.
Сариевдин айтымында, идеялык кызыкчылыктар алдыга чыкканда жеке максатты көздөгөн саясатчылар жок болот.
“Азыркы партиялар классикалык партия эмес. Ошон үчүн идеология, партиянын идеялары иштебейт. Азыркы партиялар корпоративдик кызыкчылык менен топтолгон. Идеологияга иштеген, классикалык партиялар пайда болгондо гана идеясы бар кишилер келет. Ошондой жол менен оңолбосок бул маселе улана берет. Акыркы учурда коом акырындап алдыга жылууда. Саясатты түшүнүп калышты. Жарандык коом пайда болду. Бизге кыргызчылык, тууганчылыктын залалы катуу тийүүдө.
Жогоруда айткан классикалык партияны түзүү үчүн аракет кылыш керек. Азыркы партияларда илгертеден калган корпоративдик кызыкчылык болуп жатпайбы. Бул оору. Бизде башкача өңүттө ойлонгон, идеяны ишке ашырчу партия түзө алган жаштар бар. Аларды саясатка аралаштырбай жатышат. Эгер ошол жаштар аралашса азыркы корпоративдик саясат талкаланып калмак. Бирок алар аралашкан жерден коррупциялык жолдорго тартып алышууда”, - деди Сариев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Жанар Акаев, экс-депутаттар Адахан Мадумаров, Равшан Жээнбеков, Абдыганы Эркебаев, Феликс Куловдун пикири бул шилтемеде.