Экс-спикер Абдыганы Эркебаев: "Эски системдин бузулбай жатышына Жогорку Кеңеш менен өкмөттүн чабалдыгы себеп болууда"

Кыргыз саясатчыларынын кошоматчылыгы ар дайым коомчулуктун талкуусунда болуп, сындалып келет. Ар бир президенттин учурунда аны айга-күнгө теңеп, бийликтен кеткен соң артынан сындай баштаган саясатчылар аз эмес.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Бийликте турганда президентке кошомат кылып, бийликтен кеткенден кийин аны сындай баштачу саясатчылардан кантип арылууга болот?" деген соболуна Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Абдыганы Эркебаев жооп берди.

Эркебаевдин пикиринде, президентке кошомат кылуу илгертен болуп келе жаткан көрүнүш.

"Президентке кошомат кылуу тээ илгертен бери болуп келген. Кошомат кылуу сапаты адам менен кошо жаралган. Бирок тарыхка көз чаптырсак бир дагы ханга кошомат кылбаган адамдардын бар болгонуна күбө болосуң. Президентке кошомат кылган көрүнүш Атамбаевдин убагында аябай күчөп кеткен. Азыр деле уланууда. Баш мыйзамда парламенттик-президенттик башкаруу системи деп жазылган. Бирок учурдагы саясий абал таптакыр башка. Же мурдагы эле президенттердин тушундагыдай башкаруу системи жүрүүдө. Мындай баш аламандык болбошу керек.

Эски системдин бузулбай жатышына Жогорку Кеңеш менен өкмөттүн чабалдыгы себеп болууда. Бирок мен кошоматчылар жетекчилердин кайсы бир маселени чечишине таасир этет дегенге ишене бербейм. Акыркы чечимди биринчи киши кабыл алат. Ал кабыл алган чечими боюнча жоопкерчиликке тартылбашы үчүн баарын талдап, анализдеп көрүшү керек. Мен өмүр бою "жасаган ишиң үчүн өзүң гана жооп бересиң. Ошон үчүн аны кийин башкага шылтабагыдай болуп, жоопкерчиликти көтөрө билүү керек" деп айтып келдим”, - деди Эркебаев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Жанар Акаев, экс-депутаттар Адахан Мадумаров, Равшан Жээнбеков, Феликс Кулов жана саясат таануучу Марс Сариевдин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан