Кыргыз саясатчыларынын кошоматчылыгы ар дайым коомчулуктун талкуусунда болуп, сындалып келет. Ар бир президенттин учурунда аны айга-күнгө теңеп, бийликтен кеткен соң артынан сындай баштаган саясатчылар аз эмес.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Бийликте турганда президентке кошомат кылып, бийликтен кеткенден кийин аны сындай баштачу саясатчылардан кантип арылууга болот?" деген соболуна Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Феликс Кулов жооп берди.
Куловдун айтымында, президентке кошомат кылган көрүнүш бүгүнкү күндөгү элитанын саясий аң-сезиминин төмөн экендигине байланыштуу.
“Бийликке кошомат кылуу бүгүнкү күндүн табияты, орусча айтканда, “философия жизни” болуп калды. Бул жакшы көрүнүш эмес. Европа өлкөлөрүнө салыштырмалуу биздин элитага саясий маданият жетишпейт. Демократия да 100 пайыз орной элек. Ошон үчүн саясатчылардын арасында бийликке жагалданып, кошомат кылган көрүнүштөр токтобой келет. Учурдагы биздин Баш мыйзам боюнча президенттин ыйгарым укуктары өкмөт башчынын ыйгарым укуктарына караганда аз. Бирок турмуш чындыгы башкача болуп жатат. Мисалы, өкмөт бир жыл иштейт да интриганын айынан кызматтан кетет. Президент туруктуу болгону үчүн ага кошомат кылышууда.
Кошоматчылардан арылуу үчүн саясатчылардын жана коомдун саясий аң-сезимин жогорулатуу керек. Белгилей кетүүчү жагдай, учурда өлкөдө туруктуу оппозиция жок болсо да президентке жана өкмөт башчыга карата сындар айтылып келет. Бул көрүнүш коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу бизде аз да болсо демократия бар экендигинен кабар берет”, - деди Кулов.
Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Жанар Акаев, экс-депутаттар Адахан Мадумаров, Равшан Жээнбеков, Абдыганы Эркебаев жана саясат таануучу Марс Сариевдин пикири бул шилтемеде.