Кыргыз саясатчыларынын кошоматчылыгы ар дайым коомчулуктун талкуусунда болуп, сындалып келет. Ар бир президенттин учурунда аны айга-күнгө теңеп, бийликтен кеткен соң артынан сындай баштаган саясатчылар аз эмес.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Бийликте турганда президентке кошомат кылып, бийликтен кеткенден кийин аны сындай баштачу саясатчылардан кантип арылууга болот?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов жооп берди.
Сулайманов кошоматчылар учурда бийликте жүргөнүн айтты.
“Кошоматчылык негизинен коркоктуктан пайда болот. Тилекке каршы, бизде бул өнөкөткө айланды. Кошоматчылык - адамдын начар сапаттарынын бири. Бирок азыр алардын заманы болуп, бийликтин тегерегинде жүрүшөт. Болуп жаткан чыныгы окуялар жогору жакка айтылбай жатат. Адам чындыктан жапа чеккенине карабай аны айтса, мына ошол сөздүн улугу болот.
Азыр коомчулук, активисттер кошоматчыларды уяткарып, сындап, көзөмөлдү күчөтүп эле жатышат. Бирок андан кошоматчылардын бети кызарбай жатат. "Эр жигиттин уялганы өлгөнү" деп коёт эмеспи. Бирок алар жүрө берет экен да. Албетте, кошоматчыларга каршы күрөш күчөшү керек. Албетте, андай адамдар Жогорку Кеңеште бар. Көпчүлүгүбүз ошондойбуз. Кээде мен да алардын катарын толуктап калышым мүмкүн. Биз көптөн бери парламенттик башкарууну толук ишке ашыра албай келебиз. Бирок аз да болсо жылыш бар. Жыл сайын күчөп жатат”, - деди ал.
Жогорку Кеңештин депутат Жанар Акаев, экс-депутаттар Адахан Мадумаров, Равшан Жээнбеков, Абдыганы Эркебаев, Феликс Кулов жана саясат таануучу Марс Сариевдин пикири бул шилтемеде.