Кыргыз саясатчыларынын кошоматчылыгы ар дайым коомчулуктун талкуусунда болуп, сындалып келет. Ар бир президенттин учурунда аны айга-күнгө теңеп, бийликтен кеткен соң артынан сындай баштаган саясатчылар аз эмес.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Бийликте турганда президентке кошомат кылып, бийликтен кеткенден кийин аны сындай баштачу саясатчылардан кантип арылууга болот?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев жооп берди.
Акаевдин пикиринде, коомчулук кошоматчылардан шайлоо аркылуу гана арыла алат.
“Негизинен саясий ишмерлердин, депутаттардын өкмөттү туура жолго багыттап турганы президентке жардам. Мен сотторду, өкмөттү сындап Жээнбековго жардам кылдым деп эсептейм. Саясатчылардын эң чоң катасы алгач президентке жагынып, анан гана элге жагынгандыгында. Президент мени кабыл алганда "ачуу сындарды, чындыкты айтып тургула. Мен кошоматчыларга зар эмесмин" деп айткан. Мурунку президентке наам берүүнү, атын ыйгарууну демилгелегендер эми аны сындап жатышат.
Кийинки шайлоодо кошоматчылары бар партияны колдобош керек. Алардан ошентип гана кутулабыз. Депутаттардын баары жеке сүйлөшкөндө акыйкатчылыкка талапкер болгон Токон Мамытовго каршы эле. Бирок аягында “бийлик сунуштады” деп Мамытовду колдоп коюшту. Мөңгүлөрдү талкалоого уруксат берген мыйзамга да депутаттардын баары макул болушту эле. Бирок азыр президент “мөңгүлөрдү талкалоого тыюу салалы” десе, алар кайра аны колдогонго даяр. Өзүнүн багыты жок депутаттардын айынан эл ар дайым Жогорку Кеңешти сындап келет. Бул замандан өтүшүбүз керек. Өлкө башчыны “улуу урматтуу президентибиз” деп баштаганда эле таң каласың. Саясатчыларыбыз майдаланып кетти. Жалгыз үмүтүбүз элдин элегинде”, - деди Акаев.
Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов, экс-депутаттар Адахан Мадумаров, Равшан Жээнбеков, Абдыганы Эркебаев, Феликс Кулов жана саясат таануучу Марс Сариевдин пикири бул шилтемеде.