Кыргыз саясатчыларынын кошоматчылыгы ар дайым коомчулуктун талкуусунда болуп, сындалып келет. Ар бир президенттин учурунда аны айга-күнгө теңеп, бийликтен кеткен соң артынан сындай баштаган саясатчылар аз эмес.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Бийликте турганда президентке кошомат кылып, бийликтен кеткенден кийин аны сындай баштачу саясатчылардан кантип арылууга болот?" деген соболуна саясатчы Адахан Мадумаров жооп берди.
Мадумаров бийликтеги кошоматчыларды төмөнгө алып түшүүчү бир гана эл экенин айтты.
“Калк бийликти көзөмөлгө алып, таразалап, баа бериши керек. Учурда 10 жылдан бери кызматтан түшпөй отургандар бар. Себеби алар бийликке ыңгайлуу кадрлар. Ошол кызматта отургандарга болсо баары бир. Азыркы кошоматчы саясатчылар жаңы келген бийликтин колтугуна кирип кетет. Алар кызмат үчүн баарын сатууга даяр. Коом канчалык маданияттуу, сабаттуу болсо, кошоматчылардан ошончо тез арылат. Бирок азыркы коом үмүтсүздүктүн, алсыздыктын кучагында жатат. Чындыкты айтып, тазарталы деген кишини баалай алышпайт. Бүгүнкү күндө аксакалдардан, академиктерден депутаттарга чейин кошоматчы. Учурда кошомат кылгандардын гана иши жүрүшөт. Кыргыз өлкөсү кошоматчылардын мамлекетине айланды. Мунун айынан биз коңшулардан артта калдык”, - деди Мадумаров.
Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Жанар Акаев, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Абдыганы Эркебаев, Феликс Кулов жана саясат таануучу Марс Сариевдин пикири бул шилтемеде.