Биз социалдык тармакта

Бишкекте мыйзамсыз орнотулган объектилерди түрттүрүү иштери улантылууда

Бишкекте мыйзамсыз орнотулган объектилерди түрттүрүү иштери улантылууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолдорду кеңейтүү жана реконструкциялоо боюнча "Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын ѳнүктүрүү" долбоорун ишке ашыруунун алкагында мыйзамсыз курулган объектилерди түрттүрүү иштери жүрүп жатат.

"Жүргүзүлгөн иштердин алкагында Медеров-Токтоналиев кѳчѳлѳрүндѳгү капиталдык курулуш жана жолдун курулушуна тоскоол болгон Оренбург кѳчѳсүндөгү №57 дарегиндеги чарба курулушу түрттүрүлдү. Түрттүрүү иштерин Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзүштү. Ошондой эле Тоголок Молдо кѳчѳсүндөгү №194-турак үйүнүн маңдайына ѳз билемдик менен, тиешелүү уруксат документтерисиз курулган дүкѳн түрттүрүлдү", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан