Жогорку Кеңештин 11-октябрдагы жыйынында депутат Абдывахап Нурбаев мугалимдердин айлыгын көтөрүү керектигин айтып чыкты. Ал облус жетекчиликтерин жойсо да буга каражат табыш керек деген пикирде. Ал эми депутат Тазабек Икрамов "Эйр Кыргызстан" компаниясынын башчысынын жоопкерчилигин кароону кайра көтөрдү. Эл өкүлү ал чиновник мекемени банкротко учуратканын кошумчалады.
Депутаттар ар кандай маселелерди талкуулашты.