"Жалгыз учагыбыз чет өлкөдө ижарада. Аны да сатып жиберишкен окшойт". Тазабек Икрамов "Эйр Кыргызстандын" жетекчисинин жоопкерчилигин кароону кайра көтөрдү

"Эйр Кыргызстан" компаниясы банкрот болду. Бул тууралуу депутат Тазабек Икрамов парламент жыйынында айтып чыкты.

Анын айтымында, мунун баарына анын жетекчиси күнөөлүү.

"Буга чейин эле аталган компаниянын жетекчисинин маселесин көтөргөм. Бирок өкмөт тараптан эч кандай аракет болгон жок. "Эйр Кыргызстанды" банкрот кылган адамды кармап отурасыңар. Кандай иштерди жасаганын айткам. Жалгыз учагыбыз чет өлкөдө ижарада жүрөт. Апрелде келишим аягына чыгып, учагыбыз Кыргыз өлкөсүнө кайтмак. Бирок дагы деле дайыны жок. Ушуну текшерүүгө алыңыздар. Балким, сатып жиберишкендир", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
BekAmir
2018-10-11 13:09:54
Ана кайф заман...
+1
baisogur
2018-10-11 13:52:08
BekAmir,Чекеден атып таштаган баарын тизип кандай кайф болмок
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан