“Мындан 3 жыл мурун башталган бала бакчанын курулушу бүтпөй, жергиликтүү эл менчик үйдү бала бакча катары колдонушууда”, - деп бүгүн, 11-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Алтынбек Жунус уулу билдирди.
Ал өкмөттүн өкүлүнөн 3 жыл мурун башталган бала бакчанын курулушу эмнеге токтоп калганына кызыкты.
“Ат-Башы районунун Казыбек айылында 2015-жылы курулуп жаткан бала бакчанын пайдубалы тургузулган боюнча токтоп калыптыр. Мен шайлоочулар менен да, куруучулар менен да жолуктум. Учурда тургундар мага кайрылып, балдарды алып бара турган жери жоктугунан атайын менчик үйдү бала бакча катары ижара төлөп, пайдаланып жатканын айтышты”, - деди Жунус уулу.