"Дүйнөлүк согуш 5 жылда бүткөн. "Коопсуз шаар" болсо, 8 жылдан бери ишке ашпай келет". Алтынбек Сулайманов тендер өткөргөндөргө кылмыш ишин козгоону талап кылды

Өлкөдө 8 жылда 8 миңден ашык адам жол кырсыгынан каза болду. Мындай маалыматты депутат Алтынбек Сулайманов парламент жыйнында ар кандай маселелер каралып жатканда айтты.

Ал “Коопсуз шаар” долбоору демилгеленгенине 8 жыл болгонун кошумчалады.

"Коопсуз шаар" 8 жылдан бери ишке ашпай келет. Миңдеген кылмыш иштери ачылбай калды. Долбоорду ишке ашырууга ИИМ менен Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети каршы болуп келет. Казакстан менен Тажикстан бул долбоорду ишке ашырып бүттү. Биз болсо созуп келүүдөбүз. Компаниялардан тыйын алабыз деп отурабыз да.

Уюштурууну дүйнөлүк абройлуу уюмдарга бериш керек. Ошолор компанияларды таап бериши зарыл. Өзбекстан ушул ыкманы колдонуп жатат. Биздин өкмөт эмне үчүн ушундай иштерди кыла албайт? Дүйнөлүк согуш 5 жылда эле бүткөн. Биз болсо "Коопсуз шаарды" 8 жылдан бери бүтүрө албай келебиз. Муну уккан коңшулар да күлөт. Тендерди уюштуруп келгендердин баарына иш козголушу керек. Башкы прокуратура иликтеп чыгышы шарт", - деди Сулайманов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан