"Сот эгиз кыздын атасын макулдугу жок аны ата-энелик укугунан ажыратып, балдар үйүндөгү эгиздерди белгисиз жакка жиберишкен” деп бүгүн, 11-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Карамат Орозова билдирди.
Депутаттын айтымында, Дордой-2 конушунун тургуну жашоо-шартынын оордугунан эгиз кыздарын балдар үйүнө убактылуу берип учурда аларды таппай жүргөн чагы.
“Мен көтөргөн маселе боюнча өткөндө тиешелүү министрлик жалган маалымат дептир, ошого жооп берип коёюн. Менин кабылдамама Бишкек шаарынын Дордой-2 конушунун тургуну Шамурзаев келди. Анын 7 баласы болгон, эң кичүүлөрү - эгиз кыздар. Шамурзаев бир канча жыл мурун жашоо-турмушунун оордугунан Орусияга иштегени кеткен. Анын үй-бүлөсү көп жолу социалдык өнүктүрүү министрине кайрылган. Аталган министрлик ата-эненин суранычы менен балдарды “турмуш-шартыңар жакшырганда аласың” деп эгиз кыздарын балдар үйүнө алган. Кийин Шамурзаев үйлүү болуп, кыздарын алайын десе алар жок экен.
Сот Шамурзаевдин макулдугу жок аны аталык укуктан ажыратып, эгиздерди эки башка жакка жиберип коюшкан. Азыр кыздардын атасы эркек болсо да балдарымды таап бергиле деп ыйлап отурат. Соттошоюн десе адвокатка берүүгө акчасы жок. Эмне үчүн балдар үйүнүн кызматкерлери ушундай мыйзам бузууга алып барышат. Ушул маселеге көңүл буруп коюңуздар”, - деп депутат өкмөт өкүлүнө кайрылды.