Таалайгүл Исакунова эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматынан бошотулду

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова ээлеген кызматынан берген арызынын негизинде бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Буга чейин Башкы прокуратура Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетекчилеринин сапарлары боюнча иликтөө жүргүзүп жыйынтык чыгарган. Ага ылайык, министр Таалайгүл Исакунова 2017-жылдан тарта 2018-жылдын сентябрь айына чейин 9 жолу (Улуу Британия, Кытай, Орусия (2), Аргентина, АКШ, Швейцария, Сауд Арабия, Литва) сапар жасаганы аныкталган. Бирок ал кызматтык сапарларга чыгуу тартибин бузуп, сапарлардын жыйынтыгы боюнча билдирүүлөрдү жана отчётторду берген эмес. Мындан тышкары Исакунова иш сапарлары аяктаган соң дипломатиялык паспортторду министрликтин тиешелүү бөлүмүнө өз убагында тапшырбаганы аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан