Депутат Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлерине жаңы салынган үйлөрүндө жашоого уруксат берилбей жатканын айтты

"Жалал-Абад шаарында Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери үчүн мыйзамсыз жерге үй курулуптур, курулуш иши бүткүчө эмнеге эч ким караган эмес”, - деп бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Улан Примов айтты.

Эл өкүлү билдиргендей, учурда кызматкерлер үчүн салынган үй бүткөнү менен ага ээлери кире албай убара.

“Бизге Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлери тарабынан кайрылуу келип түштү. Кайрылгандардын айтымында, ЖАМКтын кызматкерлерине деп Жалал-Абад шаарына 2 көп кабаттуу үй курулган. Бирок кызматкерлер үй бүтсө да кирип жашай албай жатышат. Себеби тиешелүү орган "ошол үйлөр Аэропорттун аймагына курулган" деген мыйзам бузуу таап, жашоочуларга уруксат бербей жатат. Кимдин уруксаты менен ал жерге үй курууга уруксат берилген? Эмне үчүн үй курулуп бүткүчө мыйзам бузуу болуп жатканын айтышып башка жайдан жер беришкен эмес? Бул боюнча тиешелүү адамдарга чара көрүлүшү керек”, - деди Примов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан