Мирлан Жээнчороев: “Казак чек арачылары Кыргыз жарандарына экинчи сорттогу адамдардай мамиле кылышууда”

"Орусияга унаалар менен бараткан жарандарыбыз кыргыз-казак чек ара бекеттеринде кыйынчылыкка кабылууда”, - деп бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Мирлан Жээнчороев айтып чыкты.

Эл өкүлү тышкы иштер министрине кайрылып, чек арадагы айрым маселелерди чечүү боюнча коңшу өлкө менен сүйлөшүү керектигин айтты.

“Биздин жарандар Орусияга унаа менен баруу үчүн коңшу Казакстан аркылуу өтөт. Бирок биздин жарандар коңшу өлкөнүн чек ара бекеттеринен өтө албай кыйынчылыктарга кабылууда. Ал жердеги чек арачылар биздин жарандарды экинчи сорттогу адамдардай карап, унааларынын бардык тетиктерине, кийим-кечесине чейин чачып текшерип жатышыптыр. Башкача айтканда, акча алмайын өткөрбөйт экен. Ушул боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жарандардын көйгөйүн оң жакка чечип бербейсиңерби?!" - деди Жээнчороев.

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев эл өкүлү айткан маселе көзөмөлгө алынарын убада кылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
erikkarakulja
2018-10-11 12:45:56
окунучту Мындай маалыматтар депутатдаргы Атка минерлерге кеч жеткенине. экинчи сорт кылып кабыл алганына 25 жылдан отту урматту депутатар
+8
Feiza1982
2018-10-11 13:22:39
Көнүл буруп бир чара колдонуп бергиле ,чыныгы иштейм жерим элим деген 5 депутат болсо жетмек алакандай Кыргыз элине 120 атка минерлер бекер отургандан көрө!!!
+7
erkeleim
2018-10-11 13:29:32
Бийлике военный тактиканын, экономиканын тилин билген адам келгенче ушундай боло берет не только Кз баардык мамлекет 2чи 3чу сорттой карайт. Бири бийчи, бири ырчы, бири орус тилчи болуп атпайбы хандарыбыз. Кгбщник, экономист дегендер буюрбай жатат бизге
+5
Aidarov1988
2018-10-11 15:28:57
Экинчи сортттой журсок карайтда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан