Депутат Махабат Мавлянова бүгүн, 11-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында УКМКнын өкүлүнө кайрылып, экстремисттик жана террордук маанайда маалымат тараткан интернет-сайттарын жабууну тездетүүгө чакырды.
“Интернетте экстремизмге, террорчулукка багытталган маалыматтар таркап жатат. Ошол маалыматтардын башкы булагын же кайдан тарап жатканын аныктап, ошол сайттарды жаба аласыздарбы?" - деп сурады Мавлянова.
УКМКнын өкүлү коомго туура эмес чакырык таштаган маалыматтардын кайдан тарап жатканын аныктоого болорун айтып, бирок аларды жабууда кыйынчылыктар бар экендигин белгиледи.
Эл өкүлү мындан сырткары социалдык тармактар аркылуу тарап жаткан туура эмес маалыматтар жана орунсуз каралоолор боюнча эл аралык уюмдарга кайрылсак дагы чара көрүлүүсү керек деди.