Кыргыз өлкөсүндөгүлөр ноябрь айында 5 күн катары менен эс алышат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалымат кызматы билдиргендей, Кыргыз өлкөсүнүн жарандары мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 28-февралда кол койгон токтомдун негизинде эс алышат.
Айта кетсек, 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары жарыяланган. 9-ноябрь, жума күнү дагы эс алуу күн болот, бирок жарандар ал күн үчүн 3-ноябрь ишемби күнү иштешет. 10-11-ноябрь ишемби жана жекшембиге туура келет. Мындан улам 7-8-9-10-11-ноябрь катары менен эс алуу күндөрү болот.