Жогорку Кеңештин 11-октябрдагы жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев 2017-жылдын 16-январында Дача-СУга кулаган учак тууралуу маалымат сурады.
Ал УКМКнын төрагасынын орун басарына кайрылып, аталган кырсык боюнча айрым шек жараткан маалыматтарды алганын билдирди.
"2017-жылдын 16-январында болгон окуяны баарыңыздар билесиздер. Ошол боюнча такталбаган маалыматтарды айтып коёюн. Учактын бортунда келген адамдардын саны боюнча ар кандай маалыматтар айтылып келет. Ошол күнү ӨКМнын кызматкерлери окуя болгон жерге эмне үчүн 1 саат 40 мүнөт кире алган эмес? Милиция кызматкерлери тосуп, аларды атайын киргизбей койгон деген сөздөр айтылууда. Учактагы жүк кимдики болгондугу тууралуу да ар кандай сөздөр айтылып келет. Ушул боюнча иликтөө болуп жатабы? Жыйынтыгы качан чыгат?" - деди Төрөбаев.
УКМКнын төрагасынын орун басары болсо аталган маалыматтардан кабары жок экенин айтты.