СУПЕРСТАН: "Мен бир адамды аябай сагындым, азыр ошол жанымда болуп калса деп кыялданам"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Дал ушул учурда жаныңызда ким болсун дейсиз?" деген тема талкууга алынган.

Автор: "Мен "Big Bang" тобунун ырчысы Темпо пайда болуп калса экен деп жатам" деген суроосун калтырган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

- "Ата-энем, бир туугандарым, анан дагы бир адам болсо экен деп коюп отурам, өзүм жалгыз..."

- "Азыр жанымда жакын досторум болуусун каалайт элем, себеби айлана-чөйрөдөгү жасалма достордон чарчадым, өзүмдүн досторум болсо чер жазышып сүйлөшүп, балалык кезди эстеп, окуучулук күндөрдү, туулуп өскөн айылымды сүйлөп отурмакпыз. Көптөн бери чер жазышып сүйлөшө элекмин".

- "Эч кимдин кереги жок, жалгыз отурсам деп кеттим..."

- "Апам жанымда болсо эркелеп алмакмын. Аябай сагындым".

- "Азыр жанымда кыялымдагы ак боз атчан ханзаада болсо, и-ий, анда аябай эркелемекмин".

- "3 досумду сагындым... Алар менен жүргөндө дүйнө биз үчүн жаралгандай эле. Көптөн бери "чындап" күлө элекмин..."

- "Китепканадан таанышкан бала жанымда болуп калса кана".

- "Азыр алыста жүргөн бир адам жанымда болсо..."

- "Мен бир адамды аябай сагындым, азыр ошол жанымда болуп калса сонун болмок эле".

- "Түштөн кийин эле кеткен болчу, бирок азыр жанымда болсо менден өткөн бактылуу адам болбойт эле".

- "Жанымда ишеничтүү жакын адамым болсо дейм. Болгон ичимдеги сырымды айтып жеңилдей тургандай. Бирок андай адам таба албайм го..."


Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aima94
2018-10-13 00:14:28
Жанымда жакшы көргөн адамын болсо, өлө эркелеп алмакмын)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан