Ветеринардык инспекция канаттуулардын этине чектөө боюнча айткан депутатка жооп берди

Ветеринардык жана фитосанитардык инспекция Казакстандан ташылып келген канаттуулардын эттерине убактылуу чектөө киргизүү тууралуу маалыматка жооп берди.

Аталган мекеменин басма сөз катчысы Рахат Садырбекованын SUPER.KGʹге билдиришинче, канаттуулардын этине карата убактылуу чектөө ишкерлердин кайрылуусунун негизинде киргизилген.

“Интернетте тарап жаткандар - расмий маалыматтар. Бизге Кыргыз өлкөсүндөгү "Канаттууларды багуучулардын ассоциациясы" тарабынан "Казакстандан алып келинген канаттуулардын эттеринде оору болушу мүмкүн" деген кат келип түшкөн. Ошонун негизинде биз тамак-аш коопсуздугун сактоо максатында коңшу өлкөдөн канаттуулардын эттерин алып келүү боюнча убактылуу чектөө киргизгенбиз.

Казакстандык маалымат каражаттары канаттууларда оору жок экендиги тууралуу жазып жатышат. Бирок бизге расмий маалымат келе элек. Казакстандын Айыл чарба министрлигине бул боюнча кат жиберилген. Учурда сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Кырдаал толук иликтенип, оорунун белгилери жок экендиги тууралуу так маалымат келсе, биз чектөөнү алып салабыз", - деди басма сөз катчы.

Бүгүн, 11-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рада Туманбаева Казаксатандан келип жаткан канаттуулардын этине убактылуу чектөө киргизүү тууралуу такталбаган маалымат тарап жаткандыгын айтып чыккан. Ошондой эле депутат Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекция бул боюнча маалымат бербей жатканын кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан