Депутат Рыскелди Момбеков: “Жээнбеков Бабанов менен бириксе тандем эмес, мандем болот”

Жогорку Кеңештин 11-октябрдагы жыйынында депутат Руслан Казакбаев президентке ачык кайрылуу жасады. Эл өкүлү Сооронбай Жээнбеков Таласка жасаган сапарында мурунку премьер-министрлер, спикерлер менен өлкө кызыкчылыгы үчүн иштешүүгө даяр экенин айтканын эске салды. "Бабанов шайлоонун жыйынтыгын биринчилерден болуп таанып, президентти колдоп берди жана өлкөнүн стабилдүүлүгү үчүн депутаттык мандатын тапшырып, өз сөзүнө туруп, саясатка аралашкан жок. Өзүмдүн жана шайлоочулардын атынан президенттен Бабановго козголгон кылмыш ишин өз көзөмөлүнө алуусун суранат элем", - деп кайрылуу жасады депутат.

Буга байланыштуу жаралган SUPER.KG порталынын "Жээнбеков Бабанов менен тандемге барышы мүмкүнбү?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков өз пикирин билдирди.

Момбековдун пикиринде, президенттин Таластагы айткан сөзү менен Бабановдун маселеси эки башка нерсе.

“Менин пикиримде, президент андай тандемге бара турган болсо тандем эмес, мандем болот. Мен президенттин Талас облусуна болгон иш сапарында коштоп жүрдүм. Жанында болгон адам катары айтайын, президент андай негизде айткан жок. Ал “мамлекетти өнүктүрүү үчүн ким кызыкдар болсо, ошол адамдардын кызыкчылыктарын эске алам. Жакын арада мурунку спикерлер, өкмөт башчылар менен жолугушуу өткөрөм. Балким, менин ишимден кемчилик кетип жаткандыр. Алардын айткандарын эске алам” деп айтты. Анын бул сөзүн башкача мааниде кабыл алып, Руслан Казакбаев "ал жолугушууга Өмүрбек Бабанов да катышса, анын да өлкөгө, экономикага салымы бар" деген мааниде айтты. Президент айткан маселе башкада. Азыр өлкөдө Феликс Кулов, Темир Сариев, Жоомарт Оторбаев сыяктуу мурунку өкмөт башчылар көп.

Ал эми Бабановдун маселеси башка. Президент шайлоо убагында “коррупция менен күрөшүүнү сизден баштайм” деп тандемге барса, Сооронбай Жээнбеков өзүнө болгон чоң ишенимди жоготуп алышы мүмкүн. Эл "Жээнбековдун коррупция менен болгон күрөшү жасалма, курулай ураан экен" деп ойлоп калышы мүмкүн. Сооронбай Жээнбековду жакшы билем. Коррупция менен күрөштү аягына чыгарам деп жаткан соң, андай жолго барбайт, кайырмакка оңой менен илинбейт”, - деди Момбеков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Руслан Казакбаев, Максат Сабиров, Мирлан Жээнчороев, Зарылбек Рысалиев, экс-депутат Камчыбек Ташиев жана саясат таануу илимдеринин доктору Жолборс Жоробековдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан