Депутат Зарылбек Рысалиев: "Бабанов баарыңардын добушуңарды “урдум” деп өлкөдөн кетип калды"

Жогорку Кеңештин 11-октябрдагы жыйынында депутат Руслан Казакбаев президентке ачык кайрылуу жасады. Эл өкүлү Сооронбай Жээнбеков Таласка жасаган сапарында мурунку премьер-министрлер, спикерлер менен өлкө кызыкчылыгы үчүн иштешүүгө даяр экенин айтканын эске салды. "Бабанов шайлоонун жыйынтыгын биринчилерден болуп таанып, президентти колдоп берди жана өлкөнүн стабилдүүлүгү үчүн депутаттык мандатын тапшырып, өз сөзүнө туруп, саясатка аралашкан жок. Өзүмдүн жана шайлоочулардын атынан президенттен Бабановго козголгон кылмыш ишин өз көзөмөлүнө алуусун суранат элем", - деп кайрылуу жасады.

Буга байланыштуу жаралган SUPER.KG порталынын "Жээнбеков Бабанов менен тандемге барышы мүмкүнбү?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев жооп берди.

Ал Өмүрбек Бабанов бизнес менен алектенип, акча топтоду, чөнтөгүнөн эч нерсе чыгарган жок деген пикирин билдирди.

“Руслан Казакбаев Бабанов тууралуу өзүнүн оюн айтты. Ал президенттин Таластагы сөзүн мисал келтирди. Өлкө башчысы мурунку премьер-министрлерден акыл үйрөнөм деп айтканын билдирди. Бабановдун эмнесинен акыл үйрөнөт? Алдамчылыгынан акыл үйрөнөбү? Ишкердик кылып акча топтоду, чөнтөгүнөн эч нерсе чыгарган жок. Бир бала бакча же бир мектеп салган жок. Бабановду билбегендер ишенип добуштарын беришти. Ал болсо "силердин добушуңарды “урдум” деп өлкөдөн кетип калды го”, - деди Рысалиев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Руслан Казакбаев, Максат Сабиров, Мирлан Жээнчороев, Рыскелди Момбеков, экс-депутат Камчыбек Ташиев жана саясат таануу илимдеринин доктору Жолборс Жоробековдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан