Депутат Максат Сабиров: “Бабанов деле жөн адам эмес, жарым миллиондон ашык добуш алган”

Жогорку Кеңештин 11-октябрдагы жыйынында депутат Руслан Казакбаев президентке ачык кайрылуу жасады. Эл өкүлү Сооронбай Жээнбеков Таласка жасаган сапарында мурунку премьер-министрлер, спикерлер менен өлкө кызыкчылыгы үчүн иштешүүгө даяр экенин айтканын эске салды. "Бабанов шайлоонун жыйынтыгын биринчилерден болуп таанып, президентти колдоп берди жана өлкөнүн стабилдүүлүгү үчүн депутаттык мандатын тапшырып, өз сөзүнө туруп, саясатка аралашкан жок. Өзүмдүн жана шайлоочулардын атынан президенттен Бабановго козголгон кылмыш ишин өз көзөмөлүнө алуусун суранат элем", - деп кайрылуу жасады.

Буга байланыштуу жаралган SUPER.KG порталынын "Жээнбеков Бабанов менен тандемге барышы мүмкүнбү?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров өз пикирин билдирди.

Сабировдун айтымында, биринчи кезекте Бабановго карата ачылган иштер чечилиши керек.

“Бүгүн Руслан Казакбаев көтөргөн маселе саясий себеп менен ачылган иштер көзөмөлгө алынып, ал иштер сот же кыскартылуу аркылуу токтотулса деген мааниде айтылды. Биринчи кезекте ошол иштер, анын өлкөгө кайтып келүү маселелери чечилген соң, тандем маселесин айтса болот. Ал өзү сыртта жүрсө кайдан бирикмек эле. Бабанов деле жөн адам эмес, жарым миллиондон ашык добуш алган адам. Президент бүгүнкү күндө бир гана Бабановдун ишине эмес, башка да саясий себептер менен ачылган иштерге маани берип, мыйзамдуу жол менен аларга баа берилишин көзөмөлгө алышы керек”, - деди Сабиров.

Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, Руслан Казакбаев, Мирлан Жээнчороев, Зарылбек Рысалиев, экс-депутат Камчыбек Ташиев жана саясат таануу илимдеринин доктору Жолборс Жоробековдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан