Жогорку Кеңештин 11-октябрдагы жыйынында депутат Руслан Казакбаев президентке ачык кайрылуу жасады. Эл өкүлү Сооронбай Жээнбеков Таласка жасаган сапарында мурунку премьер-министрлер, спикерлер менен өлкө кызыкчылыгы үчүн иштешүүгө даяр экенин айтканын эске салды. "Бабанов шайлоонун жыйынтыгын биринчилерден болуп таанып, президентти колдоп берди жана өлкөнүн стабилдүүлүгү үчүн депутаттык мандатын тапшырып, өз сөзүнө туруп, саясатка аралашкан жок. Өзүмдүн жана шайлоочулардын атынан президенттен Бабановго козголгон кылмыш ишин өз көзөмөлүнө алуусун суранат элем", - деп кайрылуу жасады депутат.
Буга байланыштуу жаралган SUPER.KG порталынын "Жээнбеков Бабанов менен тандемге барышы мүмкүнбү?" деген соболуна Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Ташиев жооп берди.
Ал Өмүрбек Бабанов жаран катары өлкөгө пайдасын тийгизмек деген пикирде.
“Бабановдун өлкөгө зыяны тийген эмес. Ал кайра өлкөгө кайтып келсе дагы залакасы тийбейт деп ойлойм. Эгер ушул багытта ой жүгүртсө, анда Жээнбеков менен Бабановдун тандеми ишке ашуусу мүмкүн. Ал эми адам саясий туруктуу позицияга ээ болбосо, анда бул анын өзүнө эле зыянын тийгизет. Өмүрбек Бабановду өтө күчтүү саясатчы деп айта албайм. Себеби ал буга чейинки саясий иштерде жеңилип калып жатты. Бир нерсени анык айта алам, анын өлкөгө жаран катары пайдасы гана тиймек. Себеби ал мамлекетке эч кандай зыянын тийгизе элек”, - деди Ташиев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Руслан Казакбаев, Максат Сабиров, Мирлан Жээнчороев, Зарылбек Рысалиев, Рыскелди Момбеков жана саясат таануу илимдеринин доктору Жолборс Жоробековдун пикири бул шилтемеде.