Жогорку Кеңештин 11-октябрдагы жыйынында депутат Руслан Казакбаев президентке ачык кайрылуу жасады. Эл өкүлү Сооронбай Жээнбеков Таласка жасаган сапарында мурунку премьер-министрлер, спикерлер менен өлкө кызыкчылыгы үчүн иштешүүгө даяр экенин айтканын эске салды. "Бабанов шайлоонун жыйынтыгын биринчилерден болуп таанып, президентти колдоп берди жана өлкөнүн стабилдүүлүгү үчүн депутаттык мандатын тапшырып, өз сөзүнө туруп, саясатка аралашкан жок. Өзүмдүн жана шайлоочулардын атынан президенттен Бабановго козголгон кылмыш ишин өз көзөмөлүнө алуусун суранат элем", - деп кайрылуу жасады.
Буга байланыштуу жаралган SUPER.KG порталынын "Жээнбеков Бабанов менен тандемге барышы мүмкүнбү?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев жооп берди.
Ал Өмүрбек Бабановго карата кылмыш ишин эски бийлик ачканын белгиледи.
"Сооронбай Жээнбеков менен Өмүрбек Бабанов ар дайым жылуу мамиледе болушкан, азыр да улантышууда. Алар чогуу депутат болуп келишкен. Жээнбеков премьер-министр болуп турган учурда Бабанов фракция лидери эле. Бардык маселеде бири-бирин колдоп турушту. Шайлоо учурунда бузукулар, чагымчылдар болгон экен. Бабановдун Отуз-Адырдагы сүйлөгөн сөзү боюнча кылмыш ишин эски бийлик ачкан. Ал учурда укук коргоо органдарынын башында башкалар отурган болчу. Бабанов оппозициядан президенттик шайлоого катышып, 34 пайыз добуш алган алгачкы адам. Шайлоодон кийин Жээнбековду куттуктаган. Бирок "Республика-Ата Журттун" аймактардагы координаторлоруна карата басым күчөгөндүктөн, ага көп нааразычылык кайрылуулары келип түшкөн эле. Ошентсе да Бабанов баарына буйрук берип, шайлоонун жыйынтыгын тааныган. Кийин дарыланууга кетти. Ар түрдүү сунуштар болду. Аксакалдар менен кеңешти. Жыйынтыгында мандатын тапшырып, сөзүнө туруп, бир жылдан бери саясатка аралашпай келет.
Жакында эле Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөштүм. Анын Бабановго карата ою жакшы. Иши мыйзам чегинде каралсын деп жатат. Буга чейин чет элдик адистер "Бабановдун сөзүндө улуттар аралык кастыкты козутуучу белгилер болгон эмес" деп жыйынтыктарын беришкен. Анын иши саясатташып кеткенин баары түшүнүп турат. Президент жакында Таласка барып, жакшы жолугушууларды өткөрдү. Элдин Бабановго пикири түз. Аны колдогон кайрылуулар аймактардан көп келет. Жакында эле Таластан да кат жазышыптыр. Анда президент мурдагы өкмөт башчылар жана төрагалар менен кызматташууга даяр экенин айтып, ынтымакка чакырганын жазышыптыр. Ошонун негизинде бүгүн президентке кайрылдым. Бабановдо эч кандай коррупциялык маселе жок. Ошон үчүн президентке анын ишин айкөлдүк менен карап коюңуз деп кайрылдым.
Бабанов бизнеси бар болгону үчүн көпчүлүк учурда Орусияда болуп жатат. Андан сырткары АКШда, Европа жана чыгыш өлкөлөрүндө жүрөт. Жакында ага жолуктум. Инвестиция алып келүү боюнча идеялары бар экен. Анын билими, тажрыйбасы бар. Андан сырткары жаш. Президенттин күчтөрдү бириктирем дегени - эң туура демилге. Экөө тең мамлекетчил. Бири-бирине салымы чоң. Шайлоонун алдындагы эмоция менен айтылган сөздөр экинчи орунда калышы керек", - деди Казакбаев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Зарылбек Рысалиев, Максат Сабиров, Мирлан Жээнчороев, Рыскелди Момбеков, экс-депутат Камчыбек Ташиев жана саясат таануу илимдеринин доктору Жолборс Жоробековдун пикири бул шилтемеде.