Москвада жөө жүрүүчүлөрдү сүзүп кеткен Чыңгыз Анарбек уулу абактан бошотулду

Москвада жөө жүрүүчүлөрдү сүзүп кеткен Чыңгыз Анарбек уулу абактан бошотулду. Мындай чечимди 11-октябрда Москва шаарындагы Тверск райондук соту кабыл алганын орусиялык ЖМКлар жазды.

Соттун чечимине ылайык, Чыңгыз Анарбек уулу 1 жыл 6 айга кара жумушка тартылып, айлык маянасынын 15 пайызы кармалып калат. Ошондой эле ал 3 жылга чейин унаа айдоо укугунан ажыратылды.

Чыңгыз Анарбек уулу 16-июнь күнү Москванын борбордук көчөлөрүнүн биринде мексикалык футбол күйөрмандарын сүзүп кеткен. Кырсыктан 8 киши жарадар болгон. Айдоочу полиция кызматкерлерине сурак берип жатканда күнү-түнү иштеп уктабагандыктан жолдо уктап кеткенин айткан.

Факты боюнча кылмыш иши козголуп, Анарбек уулу тергөө абагына камакка алынган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
Siren.ms
2018-10-12 09:57:58
Рас эле болуптур Азамат Орус бийлигине туура чечим кабыл алганына суйундум чынында эч кимдин башына тушпосун мындай иш Кыргыз Элин сактасын кудай
+13
kgstan2014
2018-10-12 10:11:39
Адилеттуулук!
+4
nur72
2018-10-12 10:13:58
Бөөдө кырсыктан
Бейажал өлүмдөн сактасын эсен-аман үй-бүлөөңүн кашына бар орус бийлиги адилет чечим чыгарыптыр рахмат
+11
aerforce
2018-10-12 10:15:21
жакшы болуптур жакшы кабар
+3
Saidochka
2018-10-12 10:26:11
Кубанычтамын аябай
+5
ma2as
2018-10-12 10:42:57
Жакшы кабар .
+5
barakcha
2018-10-12 10:55:14
Уррраааа
+2
nur0202
2018-10-12 10:57:41
Козумо жаш келип кетти суйунгондон.
+4
daniel87
2018-10-12 11:00:57
Кудай колдоптур,суйунучтуу кабар
+3
Дарыгер
2018-10-12 11:15:05
Эн жакшы Кабарды болду. Суйунуп толкунданып ыйлап жиберейин дедим. Жакшы иште Эми. Бөөдө кырсыктар кыргыз элимден алыс эле болсунчу!
+4
Fanatic
2018-10-12 12:04:33
Акыйкат бар десе болот. Сотго да адвокатга да ишине ийгилик. Аллахым жардам бериптир.
+3
Fanatic
2018-10-12 12:10:38
Эй Кыргызстандын соттору оо Садыр Жапаровду актап чыгарбайсынарбы акыйкат бар экенго неге чыгарбайтасынар ушул силерге жетпей жатамда тубунорго жетмекмин да.
+4
Pandora
2018-10-12 12:50:27
Куттуктаймын!!! Коргон жаман кундорундун акыргысы ушул болсун ылайым.Аябай кубанычтамын тааныбасамда.)))
+2
ayana16
2018-10-12 15:56:50
Кудайым озу колдоптур.Жакшы жанылык бугунку кундун эсебинен.
+2
nazgul1905
2018-10-12 17:42:04
Сот адилет болуптур, биздин кыргызстандагы сотторго жуксун, жуксун,жуксун адилеттуулук!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан