Бүгүн, 12-октябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан Сооронбай Жээнбеков баштаган бийликти таануудан баш тартарын айтып, чет өлкөдөн баш паанек сурап кайрылды. Мындай кадамын ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирип, "Сооронбай Жээнбековдун саясий шоусун көрдүм! Бул бийликти таануудан баш тартам. Чет өлкөдөн саясий башпаанек сурап кайрылдым" деп жарыялады. Элчи кайсы өлкөдөн башпаанек сураганын ачыктабады.
Элчинин бул жарыясынан кийин президенттик аппарат Кылычбек Султан элчилик кызматтан бошотулганы тууралуу маалымат таратты. Буга чейин ушул эле күнү тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев кызматтан бошотулду.
Эми экс-элчиге айланган Кылычбек Султан Тышкы иштер министрлигиндеги олуттуу кемчиликтерди жетекчиликке, УКМКга айтып кайрылып, андан майнап чыкпаганынан, президентке жеткирүүгө аракет кылганын, бирок 5 айга жакын убакыт аралыгында президенттик аппарат тарабынан андай мүмкүнчүлүк берилбегенин, андыктан акыркы жол – массалык маалымат каражаттары аркылуу кайрылуу калганын айтып, пресс-жыйын өткөргөн эле. Пресс-жыйында ал элчиликтердеги, Кыргыз дипмиссиясындагы күмөндүү иштердин көшөгөсүн ачкан. Анын жарыясынан соң тышкы иштер министри президентке элчини кызматтан бошотуу сунушун киргизген. Сооронбай Жээнбеков президенттик аппараттын алдындагы Коопсуздук кеңешине элчинин маалыматы менен министрдин сунушун иликтөөнү тапшырган. Президенттик сайтка илинген маалыматка таянсак, Коопсуздук Кеңеши президенттин буйруктары менен катар президенттик аппараттын жетекчисинин да буйруктарын аткарат. Демек, Кеңеш үстүндө турган чиновниктин аты аралашып жаткан ишти адилеттүү иликтеши мүмкүн беле? Мына ушул жагдайды эске салып, элчи Кылычбек Султан адилеттүү иликтөө жүргүзүлүшү үчүн президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиевди, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди жана өзүн убактылуу кызматтан четтете турууну президенттен өтүнгөн. Бирок андай болбоду.
Коопсуздук кеӊеши 11-октябрда изилдөө жыйынтыгын жарыялады. Анда ТИМ системинде мыйзам бузуулар болгону ырас, кадр тандоодо жана жайгаштырууда ТИМ жетекчилиги олуттуу кемчиликтерди кетирген, министрликтин кызматкерлери тарабынан жасалган мыйзам бузууларга жетиштүү реакция жасалган эмес деп айтылат. Кылычбек Султан айтып чыккан кемчиликтер башка мекемелерден алынган документтер менен да тастыкталганы айтылат. ТИМдеги бул тастыкталган олуттуу кемчиликтер тууралуу Коопсуздук Кеңешинин иликтөө жыйынтыгында андан ары бир ооз сөз жок. Бирок иликтөөнүн текстинин басымдуу бөлүгүн Кылычбек Султанга карата кине коюу түзөт. Мисалга алсак, Коопсуздук Кеңеши Кылычбек Султан элчилик менен катар “Кроссворд”, “Сканворд” өңдүү гезиттерге жетекчи болгон дейт. Ондон ашуун жылдан бери жарык көрбөй, унутулуп калган бул гезиттерге качандыр бир кезде жетекчи болгонун элчи өзү да унутуп калганын, бул кинени Коопсуздук Кеңеши Юстиция министрлигине койсо туура болмок экенин билдирди. Коопсуздук Кеңешинин иликтөөсүндө өзү тууралуу айтылган маалыматтын 90 пайызы чындыкка туура келбей турганын жарыялап, “мындай иликтөөнүн башында турган президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиевди жана тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди “жеңиши” менен куттуктайм, ошондой эле Кыргыз коррупционерлерин да “жеңиши” менен куттуктайм” деп билдирген.
Ал эми Коопсуздук кеӊеши Кылычбек Султан элчи болуп турганда кемчиликтерди кетирген деп тийиштүү материалдарды Башкы прокуратурага өткөрүп бергенин жарыялады.
Президент Сооронбай Жээнбеков буга чейин “коррупционерлердин атын ачык айткыла, бул күрөштө силерден колдоо керек” деп элге бир нече жолу кайрылган. Бирок ачык айтып чыккан адамдын артынан бийликтин колундагы жазалоочу органдардын бири прокуратурага иликтеп чыгууга материалдар берилди. Жээнбековдун коррупцияга каршы аёоcуз күрөшүүнүн бүгүнкү абалы ушундай...