Атасы чынжыр менен жылыткычка байлап койгон кыз балдар үйүнө берилди

Ошто атасы чынжыр менен жылыткычка байлап койгон кыз убактылуу балдар үйүндө тарбияланууда. Шаардык мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаровдун айтымында, кыз 5-октябрь күнү эле мэрияга караштуу "Боорукердик" балдар үйүнө жеткирилген. Учурда кыздын абалы жакшы экенин жана жакшы шартта каралып жатканын кошумчалады.

Ушул жылдын 5-октябрь күнү Ош шаарынын эс алуучу бактарынын биринде, бир бутунда чынжыр байланып жүргөн кыз тууралуу милицияга маалымат келип түшүп, милиция айтылган даректен бир бутунда кулпу менен бекитилген чынжыры бар 9 жаштагы кызды көрүшкөн.

Кыз атасы аны тентектик кылып сыртка чыккандыгы үчүн чынжыр менен байлап койгондугун билдирсе, атасы кызын коркутуп коюу үчүн бул кадамга барганын айткан. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
gulmira96
2018-10-12 13:22:16
Эмне учун ушундай жаш наристелерге зордук зомбулук кылган маньяктар катуу жазага тартылбайт, оз атасы болсо да. Жогорку кенештегилер биринин аркасын бири чукуп отурбай ушундайларга закон иштеп чыкса болмок.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан